Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет дзюдо боюнча чоң турнир өтөт

Кыска кабар , Спорт | 5 Апр 2021 | 1511 | 0

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн Бишкекке Япония жана Кореянын курама командалары  келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттен спортчулар катышат.

«Чемпионатты коронавирус шарттында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЧР-тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган», — деп айтылат маалыматта.

Азия жана Океания мелдешине Австралия, Бахрейн, Кытай, Тайбэй, Фиджи, Гуам, Гонконг (Кытай), Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, Филиппин, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравия, Сирия, Тажикстан, Таиланд, Тонга, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмираты, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн атлеттер катышат.

Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.

Жарыш Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM