Биз менен байланышыңыз

Борбор калаада 2021-жылдагы алгачкы веложарыш болуп өттү

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1410 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Борбор калаада 2021-жылдагы алгачкы веложарыш болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, веложарышка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты.  Веложүрүшкө катышкандар «Адинай» паркынан чыгып, Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барды. Ал жерден чыгышты көздөй бурулуп, Токомбаев — Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетип, кайра Токтоналиев көчөсүндөгү «Ден соолук» паркына келип, жалпысынан 10 чакырымдык жол жүрүштү.

Велосипедчилердин коопсуздугун камсыздоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кызматкерлери 3 унаа менен көзөмөлдөп, «Тез жардам» кызматкерлери коштоп жүрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM