Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстанга көчүп келген памирликтер али көнө элек

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1564 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди Жапаров

Кыргыз Өкмөтү Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп берген. Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга  17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө  жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген.

Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган афгандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.

Памирлик кыргыздар менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтып, бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар экенин билдирди.

Ошондой эле, 2017-жылы көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар көнүшө албай кыйынчылык тартып жатышат жана Өкмөттөн дайыма жардам суроого аргасыз болууда.

«Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот, биз аларга жардам беребиз жана жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууга каражат бөлөбүз», — деди Президент.

Ал эми памирлик кыргыздар, мекендештерин жылуу кабыл алып, жаңы жерге жайгашууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, алар Президенттен бир катар көйгөйлөрүн чечүүдө — Памирге барып келүүнү уюштуруу, жумуш менен камсыздоо, жаштарды окутуу, жарандыкты тездетип алуу ж. б . маселелерде көмөктөшүүнү суранышты.

Көчүп келгендер Президентке ийгилик каалап, ага Памир кыргыздарынын салттуу кийимин белек кылып тапшырышты.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдар жакынкы аралыкта көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын эртелетип берүү маселесин иштеп чыгууга кирише тургандыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM