Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1347 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-апрелдердеги жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда, Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун Талдык ашуусунда, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунда жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM