Connect with us

Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге жогорку сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1548 | 0

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды.  Өлкө башчысы аталган сыйлыктарды 3-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, «Коопсуздук»2021,»Калыптоо 2021» командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун салтанаттуу бөлүгүндө тапшырды. Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери, Башкы кол башчыдан энчилүү саатарды жана алкыштарды алышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM