Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министринин орун басары алмашты

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1787 | 0

Нурбек Абдиев Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Ал эми министрдин мурдагы орун басары Мирлан Каниметов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

ИИМден билдиришкендей, бүгүн, 4-апрелде ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басарын тааныштырды.

Улан Ниязбеков белгилегендей, Нурбек Абдиевдин жеке кесиптик сапаттары, билими жана тажрыйбасы жаңы кызмат ордуна толук жооп берет. Ошондой эле жаңы орун басарына ишине ийгиликтерди, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну каалады.

Абдиев Нурбек Такабаевич 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM