Биз менен байланышыңыз

«Түрк көз карашы 2040» стратегиялык концепциясы каралды

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1305 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү.

Бейформал саммитке президенти Садыр Жапаров, Казакстандын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле, байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев бейформал саммиттин мааниси, анда кайсы актуалдуу маселелер талкууланды, түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду тууралуу айтып берди.

«Түрк мамлекеттеринин башчыларынын 7-саммити жогорку деңгээлде өттү. Ал мазмуну жагынан бейрасмий болгону менен түрк дүйнөсү үчүн актуалдуу болуп жаткан маселелер көтөрүлдү. «Бүгүнкү геосаясий, пандемия шартындагы экономикалык оор кырдаалда түрк мамлекеттери өз ара мамилелерибиз кандай уланышы керек» бул багытта өлкө башчылары өзүнүн сөзүндө деталдуу пикирлерин айтышты. Негизинен Түрк мамлекеттеринин жол картасы болуп эсептелген «Түрк көз карашы 2040» стратегиялык концепциясы каралды. Бул жалпы эле түрк мамлекеттеринин мүдөө-максаты менен тыгыз байланышкан. Анда экономика, маданий гуманитардык, геосаясий, коопсуздук маселелери камтылган. Бул боюнча өлкө башчылары тарабынан түрк кеңешине бир катар тапшырмалар берилди. Учурда концепциянын үстүндө тиешелүү органдар менен биргеликте талкуулар жүрүп жатат», — деди Султан Раев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM