Биз менен байланышыңыз

Белгилүү журналист, жазуучу Жаркын Темирбаева дүйнө салды

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1411 | 0

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Темирбаева Жаркын Суран кызы 3-апрелде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Ж. Темирбаева 1990-жылдардан тарта “Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Ж.Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана «Азаттыктын» ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу «Азаттык» обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк Ж.Темирбаева «Зындан» аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. «Жаныбек казы», «Ай ыйлаган түн» чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.

Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, 2010-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

2013-жылы «Азамат Алтай» эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган.

Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаеванын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

У. А. Марипов, А.Э.Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев, А. Койчиев, Г. Байтерек, Н. Асканова, Т. Камчыбекова, В. Жуматаева, А. Касымалиева, Ш. Дүйшеев, М.Мамазаирова, С. Раев, К. Кулуев, Т. Чоротегин, Н. Идинов, К. Молдокасымов, К. Оторбаев, Ф. Абдалова ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM