Биз менен байланышыңыз

Жапаров Баткендеги өнөр жай, соода жана логистикалык ишкананын курулушу менен таанышты

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1292 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде, Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Өкмөттүн токтомунун негизинде 173 гектар жер тилкеси өнөр жай аймагына берилген. Бүгүнкү күндө өнөр жай аймагына жаңы ишканаларды ачуу үчүн 19 жеке ишкерден арыздар келип түшкөн. Жакынкы жылдары 28 жаңы ишкана ачуу пландаштырылууда, анда эки миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Учурда жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө жана текстиль фабрикасы, өрүктү кайра иштетүүчү фабрика, касапкана, 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин курулушу жүрүп жатат.

Өлкө башчысы белгилегендей, жакынкы айларда дагы бир нече ишкананын курулушу башталат. Ушул жылдын соңуна чейин пахта майын жана желим идиштерди өндүрүүчү цех, сүттү кайра иштетүүчү завод, биогумус өндүрө турган ишкана куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Баткен шаардык мэриясы өнөр жай зонасына электр кубаты жана суу менен камсыздоо түйүндөрүн жеткирүү, ошондой эле жол салуу менен коммуникация маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгы белгиленди.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен маектешип, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп, элди кызыктырган суроолорго жооп берди. Президент жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы түшүндүргөндөй, бул иштер жарандардын мамлекеттик ипотекалык насыялоо өнөктүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга реалдуу мүмкүнчүлүк алышы үчүн жасалууда. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнеске дем берүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн жеңилдетилген ставка менен узак мөөнөттүү пайызсыз насыяларды берүү пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү бийликке жерди трансформациялоо укугун  өткөрүп берүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди, жергиликтүү бийликке бул багытта ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM