Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында өтө турган Орусиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Атлет менен анын машыктыруучусу Евгений Петрашов 1-апрелден 10-апрелге чейин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт.
Петрашов кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн Дүйнө Чемпионатында брасс түрүнөн сүзүүдө 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундда багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.