Connect with us

Орусия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө 1000 тонна ун берет

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1071 | 0

Орусия Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 474 тонна ун берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул жардам БУУнун Азык-түлүк программасына Орусиянын өз ыктыяры менен кошо турган төлөмдүн негизинде Кыргызстанга жиберилүүдө. Бишкек шаарында 474 тонна унду кабыл алуу иш-чарасы 5-апрелде өтөт. Андан соң ал 1800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө даректүү түрдө акысыз таркатылат.

Ушундай эле иш-чара 2-апрелде Ош шаарында болот. Анда Орусиядан 610 тонна ун келип, ал дагы 3700 жакыр үй-бүлөгө бөлүнүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM