Connect with us

УКМК дагы бир коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлады

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1179 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектин Биринчи Май району боюнча башкармалыгында жеке ишкерлерден пара алгандыгы үчүн туруктуу коррупциялык схема УКМК тарабынан аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Такталгандай, Салык кызматынын Биринчи Май райондук башкармалыгынын башчысы «Б.Т.Т.», мыйзамсыз каржылык жактан баюуга багытталган, кол алдындагы кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча алуучу коррупциялык схема түзгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды.

2021-жылдын 30-мартындаЖазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде аталган «Б.Т.Т.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга байланыштуу, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 66-00-20 номерине, же Whatsapp 0(501) 66-00-20 ишеним телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM