Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер электрондук журналды толтурууга милдеттүүбү?

Коом | 30 Мар 2021 | 1619 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окутуу үчүн атайын онлайн БААЛОО тиркемесин колдонушкан. «ЭлМектеп» электрондук журналы — жеке компания иштеп чыккан тиркеме. Ал өткөн жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттин бардык мектептеринде ишке кирген. Аралыктан жана салттуу режимде окуусун уланткан мектеп мугалимдери учурда эки журнал толтурууга аргасыз болушууда. Мындан улам бул документ жазуу иштерине кошумча жүк болуп жаткандыгын белгилешет. Билим берүү жана илим министрлиги жагдайга кандай карайт? 

Жаш мугалим Алина Саитова 5 жылдан бери Бишкек шаарындагы мектептердин биринде орус тили жана адабиятынан сабак берет. Учурда ал 6-7-класстарды онлайн форматта окутат. Аралыктан окуп жаткан учурда да мектепке барып, салттуу журналды толтурат. Анын айтымында, мектепте электрондук журнал толтуруу боюнча талап күчөгөн. Мындан улам онлайн режимде сабак өткөн мугалимдердин иши 2 эсе көбөйгөн.

«Мугалимдердин жазуу иштерин кыскартуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыккан буйруктун негизинде, бир аз эле жазуу иштери кыскарган. Ал эми «ЭлМектеп» электрондук журналын толтуруу боюнча талап азыркы учурга чейин катуу коюлган. Мугалимдердин жумушу 2 эсеге көбөйдү. Онлайн сабактарды, тесттерди окуучулар үчүн сабакка кызыктыруучу тапшырмаларды даярдайбыз. Электрондук журналды да, жөнөкөй журналды да толтурабыз».

Борбордогу мектептердин биринде бир топ жылдан бери эмгектенип келген башталгыч класстын мугалими учурда окуучулары офлайн окуп жаткандыктан, мектепке барып, салттуу түрдө сабак өтүп, жөнөкөй журналды толтуруп келгенден кийин үйдөн электрондук журналды да милдеттүү толтурарын айтат. Ал үйүндө компьютери жок болгондуктан уюлдук телефон аркылуу толтурууга аргасыз. Бул ыңгайсыздык жаратып, ден соолугуна да терс таасир берүүдө.

«Офлайн сабак өтүп жаткандыгыбызга байланыштуу электрондук журналды да, жөнөкөй журналды да окшош толтурабыз. Бизге зыян жагы — көзүбүздүн көрүүсүн начарлатууда. Уюлдук телефон менен журнал толтуруу бир топ кыйынчылык жаратып жатат. Эки журналдын эч кандай айырмасы жок. Бардык мугалим ноутбук менен камсыз болгон эмес, ошондуктан ар кимдин толтуруу шарты ар кандай».

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев салттуу  журнал милдеттүү түрдө толтурулушу керектигин билдирди. Ал эми электрондук тиркеме ата-энелердин, мектеп администрациясынын макулдугу менен киргизилген.

«Салттуу журнал мыйзам чегинде толтурулушу керек. Электрондук журнал замандын өнүгүшү, санариптештирүү максатында ишке кирген. Ата-энелердин айтымы боюнча, балдарын электрондук журналдан көзөмөлдөп туруу жагы жакшы каралган. Азыркы учурда бул талкуу үстүндө, бир жак бул күндөлүктү киргизүүнү сунуштаса, айрымдары каршы пикирин билдирүүдө. Шаар менен айылдын айырмасы чоң.  «ЭлМектеп» онлайн журналын ата-энелердин, мектеп администрацияларынын макулдугу менен киргизип жатышат».

Учурда «ЭлМектеп» электрондук тиркемесине 355 миң окуучу, 25 миң мугалим, 521 миң 534 ата-эне катталган. Өлкөдө 659 мектеп ушул тиркеме менен иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM