Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Баткенде коменданттык саат киргизилет

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 5177 | 1

Баткен облусунда 1-3-апрелге чейин биргелешкен «Коопсуздук-2021» аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Машыгуу Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага 600гө жакын адам, 100дөн ашуун техника тартылат. Ошондой эле облус аймагындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок-посттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн облустук милиция кызматкерлери күнү-түн иш алып барат.

«Мындай көрүнүштөр жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпайт. Ошондуктан «Коопсуздук-2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу мезгилинде жарандар тарабынан кооптонууга негиз жок. Сиздерден тартипти сактап беришиңиздерди суранабыз«, — деп айтылат маалыматта.

1 пикир

1 пикир

  1. Имаралиев Абдисалам

    30.03.2021 08:15

    Жеке ойум:абдан туура мамлекет коргоо тармагын онуктуруусу абдан туура.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM