Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Эгер орун басарларым натыйжа көргөзүшпөсө, аларды да кетирем

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 865 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында жакында кызматтан алынган эки орун басарынын ишине канааттанбаганын билдирди.

Анын айтымында, ал саламаттыкты сактоо тутумуна жооп бере турган команда түзгөн.

«Мен 5-6 ай иштедим жана иштин натыйжасыздыгын көрдүм. Эгерде дагы үч айдан кийин жаңы орун басарларым иштин жыйынтыгын көрсөтпөсө, алар да иштен алынат. Анткени өзүңүздөр көргөндөй, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм, ал эми менин орун басарларым эс алып жатты. Мага мындай кызматкердин кереги жок. Бизге жашообузду оңдогонго бирден-бир мүмкүнчүлүк берилди, бул министрден жана анын орун басарларынан көбүрөөк көз каранды», — деди Бейшеналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM