Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жарандардын адеп-ахлагын өнүктүрүү боюнча концепция даярдатууда

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1098 | 0

Премьер-министр Улукбек Мариповдун 19-марттагы буйругу менен «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Буйрук «Акипресс» сайтына жарыяланган, бирок Юстиция министрлигинин маалымат базасына каттала элек.

Буйрукта топ 30-мартка чейин ишмердигин жүргүзүп, иштелип чыккан концепцияны Өкмөткө тапшырары айтылган.

Жумушчу топ президент Садыр Жапаров 29-январда кол койгон «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктын негизинде түзүлгөн.

Топ эмне кылат?

Президенттин жарлыгына ылайык, мекемелер аралык топ руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү багытында колдонулган талаптарды жана концепцияларды кайрадан карап чыгып, андан кийин иштелип чыккан концепцияга шайкеш келтирет.

Ошол эле учурда жаңы концепцияны иштеп чыгууда бир нече принциптер эске алынышы керек:

материалдык кызыкчылыктардан руханияттын жана адеп-ахлактын артыкчылыгы;

коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыктардан артыкчылыгы;

мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын иш-аракетинде адилеттүүлүк принцибинин артыкчылыгы;

мамлекеттин жана коомдун негизи катары мугалимдердин, дарыгерлердин жана аскер кызматкерлеринин кадыр-баркы жана баалуулугу;

Мамлекеттик кызматты мекенчил сезим менен бет келген кыйынчылыктардан коркпой аркалоо.

Топту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жетектеген. Курамына Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлары, Билим берүү жана илим министринин орун басары, Өкмөттүн бардык облустагы өкүлдөрү, КТРКнын жана ЭлТРдин башкы директорлору кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM