Биз менен байланышыңыз

Ошто да коронавируска каршы эмдөө башталды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 926 | 0

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен Оштун вице-мэри Эмил Шадыханов таанышып кеткен.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер, андан тышкары укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт.

Аталган борбордун №1 филиалынын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайда чыгарылган «Синофарм» вакцинасынын 300 дозасы келген, бул 150 адамга жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM