Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жергиликтүү кеңештерге үгүт учурунда 12 кылмыш, 13 жорук катталды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 767 | 0

Жергиликтүү кеңештердин талапкерлерине жана референдум үчүн үгүт жүргүзүү учурунда, тактап айтканда, 13-марттан 27-мартка чейинки аралыкта ички иштер органдары жалпысынан 55 маалымат каттады. Алардын ичинен 12си кылмыш, 13ү жорук болуп саналат.

Бүгүн, 29-мартта Ички иштер министри Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык иштери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр үгүт маалында жана шайлоо учурунда коопсуздукту бекем сактап, ар кандай тартип бузуулардын алдын алууга бардык кызматкерлерди чакырды. Ошондой эле ушуга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилүү болгондой, өнөктүккө даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу үчүн жер-жерлердеги бөлүмдөргө жөнөтүлгөн.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча план иштелип чыкты.

Жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү 11-апрелге белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM