Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 13,2 тонна азык-түлүк экспорттолду

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1070 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти чек араларга бир жума карантиндик-фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл учурунда белгилүү болгондой, 19-марттан 26-мартка чейин өлкөдөн 13 миң 243 тонна айыл чарба азык-түлүгү экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон өндүрүмдүн үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана кармоо эрежелери каралды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM