Биз менен байланышыңыз

Тез жардам унааларын алууда мамлекетке 18 миллион сомдон ашык зыян келген

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 764 | 0

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн акчанын эсебинен Тез жардам кызматына унааларды мыйзам бузуу менен сатып алганын аныктады.

Тактап айтканда, министрлик 2020-жылдын 21-сентябрында «Коопсуз шаар» долбоору менен келишим түзбөй туруп, алынган насыяны аталган долбоордун эсебинен кайтарып берүү үчүн 66 даана тез жардам автоунаасынын ар бирин 2 млн 924 миң 267 сомдон сатып алуу жөнүндө негизсиз протоколдук чечим кабыл алган. 2020-жылдын 21-октябрында министрлик «Газель Соболь-4х4» үлгүсүндөгү 66 даана тез жардам автоунаасын сатып алуу үчүн «В» ЖЧКсы менен 193 млн 10 миң 222 сомго келишим түзгөн.

Автоунаалар Орусия мамлекетинде чыгарылганын, ал жактын валютасы «рубль» колдонулганын эске албастан, аталган келишимде унаалардын жалпы баасы 2 млн 504 миң 898 АКШ доллары (ар бири 37 миң 953 доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн. АКШ долларынын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес, 2020-жылдын 8-августундагы кыргыз сомуна карата негизсиз алынгандыгына байланыштуу ар бир унаанын баасы 94 миң 232 сомго жогорулаган.

Натыйжада, Саламаттыкты сактоо министрлиги келишимдин шартына ылайык, «В» ЖЧКсы автоунааларды өз убагында камсыз кылбагандыгына байланыштуу 3 млн 465 миң 151 сом туумду кармап калып, 189 млн 536 миң 470 сом которгондун ордуна АКШ долларынын курсу менен 208 млн 513 миң 151 сом которуп, мамлекетке 18 млн 976 миң 681 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM