Биз менен байланышыңыз

Быйыл Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 812 | 0

Быйыл Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 25-26-мартта Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

«11-мартта Өзбекстандын Маданият министри менен 2021-2023-жылдарга маданият тармагындагы пландар тууралуу келишимге кол койгонбуз. Мындан тышкары спорт жана жаштар саясаты боюнча меморандумга кол коюлган. Бул жолу биз аталган пландарды ишке ашырууну талкууладык. Өзбекстандык кесиптешим менен ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнү макулдаштык», — деди Иманалиев.

Иш-чаранын алкагында чоң программадагы саякат, ошондой эле Өзбекстандагы чоң театрга гастроль да пландаштырылууда.

«Биз Ташкентте А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жана Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын гастролу болот деп график түзгөнбүз. Мындан тышкары, май айынан тартып Өзбекстан менен чектешкен – Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын драма театрлары жана филармониялары Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарына гастролдоп чыгуусу пландаштырылууда», — деди министр.

Мындан тышкары июнь айында эгемендиктин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Ташкент шаарларында бирдиктүү концерттер өткөрүлөт. Ошондой эле кино күндөрүн өткөрүү да мерчемделген.

Кайрат Иманалиев Өзбекстандын маданият күндөрүн Кыргызстанга өткөрүү 2022-жылга пландалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM