Биз менен байланышыңыз

Жакында Орусия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина жөнөтөт

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 870 | 0

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ал Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри менен жолукканда, вакцина жеткирүү маселесин козгогон. Михаил Мурашко бул маселе президенттердин деңгээлинде чечиле турганын айткан.

«Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барганда ушул маселени көтөргөн. Орусия Кыргызстанга 500 миң доза «Спутник V» вакцинасын берүүгө макул болгон. Ал бизге май айында келет деп күтүп жатабыз», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM