Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 2 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 827 | 0

Кыргызстанда 29-мартка карата 71 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды. COVID-19 боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан: Бишкек шаарында – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23, Нарын облусунда – 1 бейтап.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM