Connect with us

Олимпиадага барчу Кыргызстандын жөө күлүктөрү Ташкенттеги марафонго катышат

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 667 | 0

Токио Олимпиадасына жолдомо уткан жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Мария Коробицкая менен биргеликте Кыргызстандын курама командасы Ташкент эл аралык марафонуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 28-мартта өтөт. Ага Кыргызстандын жеңил атлетика улуттук командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

  • Дарья Маслова (эл аралык даражадагы спорт чебери);
  • Адилет Кыштакбеков (ЭДСЧ);
  • Жоодар Көчкөнбаев (спорт чебери);
  • Илья Тяпкин (ЭДСЧ);
  • Мария Коробицкая (ЭДСЧ);
  • Гульшаной Сатарова (ЭДСЧ);

Спортчуларды машыктыруучу Татьяна Борисова жетектеп барат.

«Жөө күлүктөр 25-марттан 29-мартка чейин Ташкент шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Дарья Маслова 2019-жылдын декабрь айында Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жетип, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми дагы бир жөө күлүк Мария Коробицкая Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафонунда 42 чакырым 195 метрлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада өтүп, Токиого жолдомо алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM