Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунда үч жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 776 | 0

26-мартта Республикалык аттестациялык комиссия Ысык-Көл облусундагы акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 13 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынган:

  • 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  • 9 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  • 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациянын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссия өкмөткө сунуш киргизет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.

Президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаранын алкагында, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын  жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши өткөрүлүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM