Биз менен байланышыңыз

Геморройду дарылоо жана алдын алуу

Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн дарыгери Бекболот Бегалиев менен «Марал» радиосунун «Мединфо» программасында геморройду дарылоо, илдеттин алдын алуу жолдору тууралуу маек курдук.

Оорунун себептери

Геморрой сөзү латын тилинен которгондо «кан агуу» дегенди билдирет. Көчүктүн түйүндөрүнүн жабыркашын же оорушун «геморрой» деп атайбыз. Ал өнөкөт жана өткүр түрдө кездешет. Илдет менен негизинен көп отургандар, туура эмес тамактануунун негизинде ичи катып ооругандар жабыркашат. Ич катканда заң кыйынчылык менен чыккандыктан, түйүндөрдө кан басым жогорулап, чоңоюп кетет. Ошондуктан туура тамактанууга маани берүү зарыл. Мындан тышкары, кош бойлуу кезде, оор жумуш кылган учурда да пайда болушу ыктымал. Бир орунда узак убакыт бою отуруп иштеген адамдарда түйүндөрдүн тегерегине кан топтолуп калат.

Геморройдун даражалары

Статистика боюнча геморрой менен 1000 кишинин 200дөйү ооруйт. Көпчүлүк учурда бейтаптар уялып, адиске өз убагында кайрылбайт. Бул туура эмес. Илдеттин белгиси көпкө чейин байкалбайт. Мурда геморрой көп кездешпеген себеби көпчүлүк адамдар дайыма даарат алып жүрүшкөн. Дааратты бөлмө температурасындагы же муздагыраак суу менен алуу керек. Анткени жылуу суу менен алганда, шишип турган тамырлар чоңоюп кетет. Муздагыраак суу тийгенде тери жыйрылып, канды айдап, тамырларды кичирейтет. Геморройдун даражалары бар: I даражада көчүк кычышып, ыңгайсыздык жаратат; II стадияда түйүндөр чыгып, кайра өз алдынча кирип, кан агуу көбөйөт; III даражада болсо, түйүн жумуш кылганда, отурганда чыгып калат, аягында кол менен түртүп киргизүүгө туура келет; ал эми IV даражасында бейтап жөтөлүп, бир аз оор жумуш жасаса да, түйүн чыга берет.

Дартты дарылоо

I, II даражасын дары-дармектерди, майларды колдонуу менен дарылоого болот. Ошол эле учурда күйгүзүп, тамырын бууп да айыктырууга мүмкүн. Геморрой өтүшүп кетсе, операция кылууга туура келет. Дарттан толук айыгууга болот. Илдет ракка өтүшүп кеткен учурлар көп кездешпейт. Геморройду дарылоонун элдик ыкмалары да бар. Эгерде бейтап дарыланбай жүрө берсе, каны азайып кетиши ыктымал. Андыктан этибарга алып, убагында дарылоо зарыл.

Илдеттин жаш курагы

Геморрой жаш балдарда тубаса негизде пайда болушу ыктымал. Тилекке каршы, жаш туруп ичи каткан балдар да көп кездешүүдө. Анткени кургак тамактарды көп жешет. Балдарды да атайын адистер дарылайт. Бул дарт менен эркектер көп кайрылат.

Геморройдун алдын алуу 

Геморройго кабылбоо үчүн өздүк гигиенага маани берүү керек. Туура тамактанып, ичти катырбоо зарыл. Рациондогу жашылча-жемиштерди көбөйтүп, суюктукту, суюк тамактарды көбүрөөк ичүү шарт. Адам алы жеткен жумушту жасап, оор көтөргөндөн алыс болушу абзел. Же болбосо оор жүктү туура көтөрүү кажет. Муздак жерде, бир орунда узак убакыт отуруу — кооптуу. Такай отуруп иштегендер мезгил-мезгили менен басып, эс алып турушу зарыл. Жылына бир жолу адистен кеңеш алуу сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM