Биз менен байланышыңыз

Депутат: Өзбекстан кыргызстандык жүк ташуучуларга 30 доллар кошумча төлөм киргизди

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 5026 | 0

Өзбекстан кыргыз жүк ташуучуларына алардын аймагына кириши үчүн кошумча төлөм киргизди. Бул маалыматты парламенттин 25-мартттагы жыйынында депутат Сайдолимжон Жураев айтып чыкты.

Депутат өзүнө Баткен облусунун айдоочулары, тагыраагы, Өзбекстандан жүк ташуу менен алектенген ташуучулар кайрылышканын билдирди.

«Буга чейин алар биздин Бажыга 600 сом төлөшкөн. Ал эми 2021-жылдын 14-мартынан тарта өзбек тарап биздин жүк ташуучулар үчүн кошумча 30 доллар киргизди. Ошол эле учурда Өзбекстандын жүк ташуучулары биздин тарапка да, өз тарабына да эч нерсе төлөбөйт. Эмне үчүн алар бир тараптуу төлөп жаткандыгын тактап, бул маселени чечүүнү өтүнөм», — деди депутат.

Сайдолимжон Жураев өкмөттөн бул төлөмдү жокко чыгарууну талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM