Биз менен байланышыңыз

Турдубаев: Электр тогунун ички керектөөсүн азайтуу, сырттан импорттоо пландалууда

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 695 | 0

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Жогорку Кеңештин  жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыр энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында электр тогун сырттан импорттоо, ички керектөөнү азайтуу, кошумча ток өндүрүү булактарын колдонуу аракеттери көрүлүп жатат.

«Суунун деңгээли кооптуу абалга жетти. Мындан чыгуу үчүн биринчиден, 1 млрд киловатт-сааттан ашуун электр энергиясын Өзбекстан менен Казакстандан импорттоону макулдаштык. Эки тараптуу протоколго кол койдук. 1-марттан баштап киргизе баштадык, андан бери 120 млн киловатт ток кирди. Бул үч жылдык мөөнөткө карыз катары алынды», — деди Турдубаев.

Ал Токтогул суу кампасындагы суунун көлөмү азайган маалда ички электр керектөөнү азайтуу керектигин, бул боюнча атайын механизм иштелип жатканын билдирди.

Мындан тышкары Турдубаев Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнү дагы 1 млрд киловатт-саатка көбөйтүп, көлөмүн 2 млрд 505 млн киловаттка жеткирүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM