Биз менен байланышыңыз

Энергетика министри мунайдын баасын турукташтыруу жолун айтты

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 705 | 1

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баанын өсүүсү Орусиядан ташылып келген мунайдын кымбат сатылышына байланыштуу болууда.

Январь айынан бери өлкөгө келген бензиндин баасы 7-10, ал эми дизелдики 3,2-4,8 сомго кымбаттаган. Ал эми жалпы өлкө боюнча алганда, орточо 3-4 пайызга өсүү байкалган.

«Буга биринчиден, дүйнө жүзү боюнча мунайдын кымбаттоосу себеп болууда. Дүйнөлүк ири фонддордун божомолдору боюнча мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүүсү мүмкүн. Өлкөдө мунун алдын алуу үчүн биз нефтини кайра иштетүүчү заводдорубузду толук кандуу иштетишибиз керек. Биздин заводдордун бир жылдык мүмкүнчүлүгү 2 млн 215 миң тоннага жетет. Жылдык керектөөбүз 1 млн 300 миң тоннаны түзөт», — деди министр.

Турдубаев учурда кайра иштетүү маселесинде чийки мунайды алууну чечүү керектигин, бул боюнча Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

1 пикир

1 пикир

  1. Торогазы

    24.03.2021 18:59

    Кайдагы 7-10 сом. Ал маалыматты качан алгансыз. Жардамчынызды жумуштан алыныэ. Бензиндин баасы 15 сомго кымбаттады,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM