Марал Радиосу

Министр: Директорлорду аттестациядан өткөрүү — коомдун талабы

Мектеп директорлору гана эмес, бала бакча, техникалык-кесиптик окуу жай жана колледждердин жетекчилери да аттестациядан өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, директорлорду аттестациядан өткөрүү — коомдун талабы. Учурда аттестация баштала элек. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусунда.

«Аттестациянын максаты көп жыл иштеген жетекчилерди кетирүү эмес. Аттестация өзүнүн пайдасын берет. Экинчиден, мындан ары билим берүү тармагынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат. Бирок Бишкек  шаарындагы айрым директорлор буга катуу каршы чыгып, жогорку деңгээлдеги чиновниктерге чейин арызданып, мыйзамга тоскоолдук кылып жатышат. Анткени ата-энелер фондуна чогулган акчадан директорлордун чоң үлүшү бар. Айрым мектептердин директорлору аким же мэрге караганда да жогору туруп калган. 27 жылдан бери кызматтан түшпөй келишет. Эгер ал директорлор отурган кызматына татыктуу болсо, аттестациядан өткөндөн кийин деле иштей берет», — дейт Бейшеналиев.

«Мектеп мугалимдери квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуулардан өтөт. Анан эмне үчүн аларды жетектеген директорлор аттестациядан өтпөшү керек? Бул жерде баарына бирдей мамиле болушу зарыл», — деп кошумчалады министр.

Мындан сырткары, мектеп директорлорун жергиликтүү бийлик дайындап келген саясат туура эместигин, билим берүүнүн бирдиктүү саясатын министрлик өзү жүргүзүшү керектигин белгилеп, директорлорду дайындоодо конкурс аркылуу өткөрүү туура экенин айтып өттү.

Министр: Мектептеги акча чогултуулар же мыйзамдаштырылат, же жокко чыгарылат