Биз менен байланышыңыз

Депутат: Марипов таштандыга киришпей, азык-түлүк баасын чечсин

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 2665 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов өкмөт башчы Улукбек Мариповдун акимдерди таштанды маселесине байланыштуу зекигенин сындады. Бул тууралуу депутат парламенттин 24-марттагы жалпы жыйынында айтты.

Акыл Кемеловдун пикиринде, таштандыдан да олуттуу көйгөйлөр толуп жатат.

«Эл бизден «тамак-аш, азык-түлүктүн, бензиндин баасы кымбаттап кетти, эртең биздин жашообуз кандай болот?» — деп сурап жатат. Өкмөттөн жооп алалы. Кытай менен чек арабыз жабык турат. Товар алмашуу жүрбөй, ишкерлер банкрот болууда.  Пандемияга жараша кризис менен күрөшүү боюнча өкмөттүн планы кандай? Ушул суроолорго жооп алайын десем, өкмөт укмуш иштеп жатыптыр. Премьер-министр айыл өкмөт менен акимдерди «таштандыны чыгарбайсың» деп зекип жүрөт. Бүгүн таштанды тууралуу зекий турган маалбы?», — деди депутат.

Эл өкүлү Кытай-Кыргызстан бажысындагы товар жүгүртүү, азык-тулүктүн баасынын өсүшү тууралуу парламентте өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады.

1 пикир

1 пикир

  1. Сауле Курманова

    24.03.2021 17:43

    Марипов таштанды маселесин эн туура которуп жатат. Депутат Кемеловдун сыны орунсуз деп эсептейм. Ооба, тамак аш жагын да караш керек, бирок таштандыга комулуп алып жеген тамак кимге аш болсун. Канчалык арзан же кымбат болсо да, тазалыкта жашап, тамактаналы.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM