Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун пайда болушуна божомолдор

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 493 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Кытайдын Ухань шаарында COVID-19 боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан адистер: «Илдеттин жайылышына өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын сатылышы себеп болгон», — деген божомолун жарыялашты.

Уюмдун эксперттер тобу 14-январдан тарта кытайлык адистер менен биргеликте коронавирустун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.

Маалыматта айтылгандай, ДССУ адистери вирустун келип чыгышы жөнүндө төрт негизги гипотезаны иштеп чыгышкан. COVID-19 Ухандагы деңиз азыктарын саткан «Хуанань» базарына жарганаттар аркылуу келген деген версия чындыкка туура келбеши мүмкүн. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр «коронавирус лабораторияда атайын жасалып таратылган» деген жагдай да күмөн жаратарын белгилешкен. Ошондой эле «оору тамак-ашка түшүп кеткен вирустан жайылган» деген маалымат айтылып жатканын билдиришкен.

Адистердин пикиринде, ишенимдүүрөөк версиялардын бири катары Ухань шаарындагы «Хуанань» деңиз азыктарын саткан базарындагы жапайы жаныбарлардын сатылышы каралууда.

ДССУнун эксперттик тобунун курамына кирген сиднейлик микробиолог Доминик Дуайер вирус базарга же ага жакын жерде сатылган оорулуу жаныбар аркылуу тараган болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Адистер базарды коронавирус чыккан эмес, тараган жер катары түшүнүү керектигин кошумчалашкан.

Буга чейин коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан ДССУнун эксперттери COVID-19 таралышынын булагы Ухань вирусология институтунун лабораториясынан чыккан деген версиядан баш тартууну көздөгөнү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM