Биз менен байланышыңыз

Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеште ким кандай байге алды?

Кыска кабар , Спорт | 22 Мар 2021 | 1687 | 0

Кечээ, 21-март Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери Чолпон-Ата шаарынын ат майданында болуп өттү.

Биринчи лиганын финалында Ысык-Көл облусунун «Жети-Өгүз» командасы менен Талас облусунун «Кара-Буура» командасы беттешип, жыйынтыгында 2:1 эсеби менен «Кара-Буура» командасы жеңишке жетти.

Ал эми Жогорку лигада  илгертен атаандаш болуп келген Талас облусунун «Ынтымак» командасы менен Ош облусунун «Достук» командасы кез келди. Мыкты  даярдык менен келген элдик классиконун командалары бири-биринен калышпай, мыкты оюн тартуулашты.

Алгачкы бөлүктө «Ынтымак» командасынын чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу эсеп санын ачып, Таластын дагы бир оюнчусу Дастан Сагынбек уулу экинчи салымды салып, 2:0 эсеби менен биринчи бөлүк «Ынтымактын» пайдасына бүттү.

Деген менен экинчи бөлүктө «Достук» командасы күчтөнүп, чабулчуулары чыңалып, Султан Русланов жана Майрамбек Рыспеков эсеп санын 2:2 кылып теңеп кетишти.

Оюн дагы да болсо чыңалып, чечүүчү делген үчүнчү бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө кайра эле «Достук» удаасы менен эки улакты тайказанга салса, «Ынтымак» эки улакты тайказанга кошумча салып, эсепти теңеди. Ошентип негизги оюнда командалар 4:4 эсеби менен тең чыкты. Мындан улам жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бирок мында дагы эсеп өзгөргөн жок.

Кошумча убакыт бүткөн соң, оюндун эрежеси боюнча алып качмай (буллит) орун алды. Буллитте ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок. Биринин артынан бири тайказанга улак ыргытып жаттышты. Акыры алтынчы улакты салганда «Достуктун» оюнчусу жаза басып, натыйжада 6:5 менен «Ынтымак» командасы жеңүүчү аталды.

Кыргызстандагы көк бөрү боюнча Жогорку лигада негизги атаандаштардан болуп саналган «Достук» жана «Ынтымак» командалары Нооруз, Жеңиш күнү жана Эгемендик күнүнө арналган республикалык мелдештердин финалында бир нече жолу беттешкен. «Ынтымак» командасы ушуну менен 4-жолу удаасы менен Нооруз мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул турнир 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.

«Нооруз-2021» аталышындагы көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-мартта башталып, Жогорку лигада алты команда, Биринчи лигада 13 команда баш байге үчүн ат салышты.

Сыйлоо аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.

Белгилей кетсек, бул жылы көк бөрү боюнча мелдеш Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дүйшөкеевдин элесине арналды.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:

Жогорку лига:

  • 1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;
  • 2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;
  • 3-орун –»Сары-Өзөн» командасы, Чүй облусу, байге – 100 000 сом.
  • 4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сом;
  • 5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
  • 6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сом.

Биринчи лига:

  • 1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
  • 2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;
  • 3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом.
  • 4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом.

Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле Чемпион атына («Жети-Өгүз» командасы, Биринчи лига) жана Шахмат атына («Достук» командасы, Жогорку лига) мыкты наамы ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул күнү көк бөрүдөн финалдык беттештерден сырткары салбуурун, эр эңиш, ат чабыш өңдүү спорттун улуттук түрлөрүнөн дагы байгелер ойнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM