Биз менен байланышыңыз

Хабиб карьерасын жыйынтыктаганы боюнча түшүндүрмө берди

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 22 Мар 2021 | 1274 | 1

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо чечимин кабыл алуу кыйын болгонун мойнуна алып, бирок муну энеси үчүн жасаганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Ар бир беттеш, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда. Ошондо мен эмне кылышым керек? Бул спортко өзүмдүн ким экенимди көрсөтүп, мыкты болуу үчүн келдим, дүйнө чемпиону, мыкты мушкер болдум», — деген Нурмагомедов.

Мушкер бул жашоодо өз максатына жеткенин жана акча үчүн күрөшкө убакыт бөлгүсү келбегенин айткан. Нурмагомедов анын чечимин эл өзү түшүнөт деп үмүттөнөт, бирок өзү аны кыйынчылык менен кабыл алганын жашырбайт.

1 пикир

1 пикир

  1. Тынчтык

    22.03.2021 23:44

    Бекбосун молодец

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM