Биз менен байланышыңыз

Нооруз-2021: Ат чабыштын жыйынтыктары

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2021 | 1051 | 0

Бүгүн, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданда «Нооруз» майрамына арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш өттү.

Адегенде кунандар чабылып, 5 күлүккө чейин байге сайылды. Айлампага 14 кунан коё берилди:

1-орун – Дубай (Губернатор-Дубль), ээси – Ибраимов Нурланбек, саяпкери – Асанов Нурадил, байгеси – 26 миң сом;

2-орун – Датка, ээси – Кадыркулов Асылбек, саяпкери – Кадыркулов Асылбек, байгеси – 14 миң сом;

3-орун – Барас (Балтика-Ростов), ээси – Касымов Айбек, саяпкери – Аркарчиев Калыйдулда, байгеси – 10 миң сом;

4-орун – Магадан (Зидан-Марашка), ээси – Кубалдуев Нурлан, саяпкери – Эркинбек уулу Мунарбек, байгеси – 6 миң сом;

5-орун – Ризон (Секвестр-Шам), ээси – Жаркеев Саргалдай, саяпкери – Туйтуев Улан, байгеси – 3 миң сом.

Ал эми жорго салдырышта айлампага 17 жорго коё берилди. Мында да 5 жоргого байге сайылды: 

1-орун – Бест (Барон-Элен), ээси – «Мурас» жылкы чарбасы, саяпкери – Адамалиев Турсунбек, байгеси – 27 миң сом;

2-орун – Латиф Фра-Лаванда, ээси  – Касымканов Нурлан, саяпкери – Аламанов Жаныш, байгеси – 16 миң сом;

3-орун – Акжолтой, ээси – Асанбек Ата жылкы чарбасы, саяпкери – Батыркулов Женишбек, байгеси – 11 миң сом;

4-орун – Кабылан, ээси – Асанбек Ата, саяпкери – Батыркулов Женишбек, байгеси – 7 миң сом;

4-орун – Милан (Материк-Мавретаниа), ээси – Маткеримов Урадил, саяпкери – Токтосунов Мыктыбек, байгеси – 5 миң сом.

Аламан байгеде 18 күлүк чабылып, 5 атка чейин байге сайылды: 

1-орун – Тулпар (Мегвин-Эрке), ээси – Бегалиев Канымбек, саяпкери –  Раймалиев Солдат, байгеси – 31 миң сом;

2-орун – Байсангур, ээси – Алиаскар-Ата жылкы чарбасы, саяпкери – Уларбеков Бахтияр, байгеси – 21 миң сом;

3-орун – Каракуш, ээси – Касымханов Нурлан, саяпкери – Сатыбалдиев Айбек, байгеси – 11 миң сом;

4-орун – Спартак (Саттелит-Кополок), ээси – Нурпайызов Көлбай, саяпкери – Нурпайызов Көлбай, байгеси –  7 миң сом;

5-орун – Симпатия (Суэл-Проба), ээси – Кыдыралиев Белек, саяпкери – Кыдыралиев Белек, байгеси – 5 миң сом.

Сыйлоо аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Аргымак федерациясынын өкүлдөрү катышып, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орун ээлерин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын дипломдору, медалдары жана кубоктору менен сыйлашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM