Биз менен байланышыңыз

Тогуз-Тородо «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 664 | 0

Бүгүн, 21-март – Нооруз майрамына карата Тогуз-Торо райондук милициясында көп жылдар эмгектенген милиция кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкты Тогуз-Торо РИИБнин башчысы, милициянын майору Талантбек Сабырканов тапшырды.

Ал өз учурунда сыйлык ээлерин майрамдары менен куттуктап, милициянын жубайы болуу сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM