Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 895 | 0

Бишкек – Ош жолунун айрым тилкелеринде жана Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-мартта саат 09:30дан баштап, аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө жана Ала-Бел ашуусундагы, Чычкан капчыгайындагы калың карга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык постунан оор жана кооптуу жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.

Инспекторлор айдоочуларга өзгөчө зарылдык болбосо, жолго чыкпоону сунуштайт.

Учурда жол тейлөө ишканалары атайын техникалар менен тынымсыз иш алып барып жатканы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM