Биз менен байланышыңыз

Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктаган телеграммалар келүүдө

Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 726 | 0

Бир катар өлкө башчылары жана эл аралык уюмдардын башчылары президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жогору адеп-ахлактык идеалдарды чагылдырган бул жаздын куттуу майрамы руханий жаңыланууга, жаратмандыкка жана гармонияга үндөйт. Ал биздин жүрөгүбүздү жылуулукка, кубанычка, бакытка жана жаркын келечекке болгон үмүткө бөлөйт. Нооруз жалпы баалуулугубуз катары Казакстан менен Кыргызстан элдеринин достугун, боордоштугун жана ынак коңшулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт, эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүнүн тереңдешине шарт түзөт», — деп белгиленет Казакстан Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн  баштаган бардык иштеринде албан  ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Ушундай эле куттуктоолорун Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон,  Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов,  Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Иран Президенти Хасан Рухани, ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась, ТТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреев да жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM