Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор «JIA» Бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 718 | 0

Ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз кийлигишүүгө кабылса, прокуратуранын ишеним телефондоруна бардык учурда чалып кабарлай алат. Прокуратура кызматкерлери ар бир факты боюнча токтоосуз чараларды көрөт. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев «JIA» Бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукканда маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттик органдардардын көптөгөн текшерүүлөрүнүн ишкердикке тийгизген таасирлери, салык органдары тарабынан салынган ашыкча салыктардын кесепети, объектилерди куруу үчүн уруксат кагазын алуудагы түрдүү тоскоолдуктар айтылды. Муниципалдык бийлик тарабынан жер тилкелерин бөлүүдө жана аларды пайдаланууда пайда болгон көйгөйлөр боюнча сөз жүрдү.

Башкы прокурор Зулушев Президенттин ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо багытындагы 29-январдагы жана 4-мартындагы Жарлыктары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM