Биз менен байланышыңыз

АКШ Борбор Азия менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө ниеттенүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 731 | 0

АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен «U 5+1» форматындагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү каалайт. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден келе жаткан Нооруз майрамына карата Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге жолдогон куттуктоосунда маалымдаган.

«U 5+1» диалогдук форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиядагы беш өлкө — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын ортосунда экономика, экология жана коопсуздук боюнча аймактык маселелерди биргелешип чечүү максатында түзүлгөн.

Жо Байден өзүнүн администрациясы мындан 6 жыл мурун АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Жон Керринин катышуусунда кабыл алынган ушул жараянды андан ары да улантууга ниети бар экенин жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM