Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда чет өлкөдөн келгендер үчүн коронавирустук тестирлөө жокко чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 744 | 0

Өзбекстандагы COVID-19 боюнча республикалык комиссиянын чечими менен 15-марттан баштап аэропорттор, темир жол станциялары же чек ара бекеттери аркылуу чет өлкөдөн кирген жүргүнчүлөр үчүн коронавирусту милдеттүү түрдө текшерүү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

15-марттан кийин өлкөдө жаңы эрежелер киргизилди, ага ылайык:

— учак же поезд менен келген адамдар учакта же поездде каттоодон өткөнгө чейин акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустук инфекциянын жоктугу жөнүндө маалымкат бериши керек (ПЧР ыкмасы);

— автоунаа менен келген адамдар акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустук инфекциянын жоктугу жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшү керек (ПЧР). Күбөлүк жок болсо, алар чек ара пункттарындагы атайын клиникаларда жана лабораторияларда илдеттин бар же жок экенин аныктоо боюнча экспресс-тесттен өтө алышат. Эгерде жыйынтык терс болсо, алар өлкөгө киргизилет;

— бардык келген жүргүнчүлөр үчүн тесттин жыйынтыктары англис же орус тилдеринде болушу шарт.

Башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн коронавируска карата ПЧР тестинин жыйынтыгы терс болсо, экспресс тестирлөөсүз киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM