Биз менен байланышыңыз

ДССУ үчүнчү коронавирустук вакцинаны тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 544 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «Johnson & Johnson» компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасын өзгөчө кырдаалдарда колдонууга ылайыктуу дарылардын катарына кошту. Бул тууралуу Уюмдун башкы директору Тедрос Адан Гебресиесус билдирди.

ДССУ аталган вакцинанын жайылышы дүйнө калкынын эмдөөсүн бир кыйла тездетет деген үмүттө. Бул «Pfizer/Moderna» компаниясынын вакцинасы сыяктуу таасирдүү эмес экенин, бирок бир катар артыкчылыктары бардыгын белгилейт Уюмдун дарыгерлери.

«Johnson & Johnson» вакцинасын кадимки муздаткычта сактоого болот. Мындан тышкары бул дары менен толук эмдөө үчүн бир гана доза жетиштүү. Препарат ДССУ тарабынан бекитилген үчүнчү вакцина болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM