Биз менен байланышыңыз

Кыргыз аскерлерине Өзбекстан тик учак белекке берет

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 522 | 0

Кыргызстандын Коргоо министрлигине Өзбекстан бир тик учак белекке берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

Галина Байтерек: «Өзбек тарап Коргоо министрлигине кайтарымсыз негизде бир тик учак берип, дагы бирин оңдоп берүүгө макул экенин билдирди», — деди.

Азырынча авиатехника тууралуу толук маалымат берилген жок.

Байтерек кошумчалагандай, аскердик багыт боюнча кадрларды, тагыраагы, учкучтар менен байланышчыларды даярдоо маселеси каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM