Connect with us

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстанда машыгууда

Кыска кабар , Спорт | 13 Мар 2021 | 1077 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курамасы Өзбекстанда окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Белгилүү болгондой, окуу-машыгуу 8-мартта Ангрен шаарында башталган, ал 25-мартка чейин уланат. Бул иш-чаранын максаты Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге  ийгиликтүү даярдануу болуп саналат.

Окуу-машыгуу жыйынына төмөнкү спортчулар тартылган:

  • Нурмухамед Абдуллаев, 55 кг;
  • Калы Сулайманов, 60;
  • Куттубек Абдыкерим уулу, 60 кг;
  • Урмат Аматов, 63 кг;
  • Марлен Асыкеев, 67;
  • Амантур Исмаилов,  67;
  • Руслан Царев, 72 кг;
  • Акжол Махмудов, 77;
  • Кайрат Туголбаев, 77;
  • Акылбек Талантбеков, 77 кг;
  • Калидин Асыкеев, 82;
  • Атабек Азисбеков, 87 кг;
  • Азат Салидинов, 87;
  • Узур Жузупбеков, 97;
  • Бексултан Махмудов, 97кг;
  • Роман Ким, 130;
  • Арсен Эралиев, улук машыктыруучу;
  • Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчуларды машыгууга жөнөтүү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM