Биз менен байланышыңыз

Япониянын символу болгон сакура дарагы эрте гүлдөдү [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 681 | 0

Япониянын батышында ушул жумада алгачкы сакура гүлдөрү ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Япониянын символу болгон сакура алгачкы гүлүн 11-мартта Хиросима шаарында, 12-мартта Фукуока шаарында ачкан. Япониянын улуттук метеорологиялык башкармалыгы божомол кылгандай, февраль айынын жылуу болушу дарактын гүлдөшүн тездеткен.

Сакуранын эрте гүл ачуусу XXI кылымда экинчи ирет болуп жатканын айтышат жергиликтүү басылмалар. Буга чейин 2010-жылы да 12-марттан тарта гүлдөп баштаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM