Биз менен байланышыңыз

2022-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо жайында өтөт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 13 Мар 2021 | 739 | 0

2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуунун калган оюндары Японияда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Азия футболдук конфедерациясы дүйнөдөгү эпидемиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алган. Борборлоштурулган форматта өтүүчү оюндар чөлкөмдөгү сегиз өлкөдө: Кытай, Кувейт, Бахрейн, Сауд Аравия, Катар, Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Япония жана Түштүк Кореяда болот.

Кыргыз курамасы ойногон «F» тайпасындагы калган беттештер 31-майдан 15-июнга чейин Японияда орун алат.

Кыргызстан комдасынын оюндарынын жадыбалы:

  • Кыргызстан — Монголия (7-июнь);
  • Мьянма — Кыргызстан (11-июнь);
  • Япония — Кыргызстан (15-июнь).

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» 2019-жылдын декабрынан бери бир да расмий оюнга чыга элек. Тандоо турундагы жогоруда айтылган беттештер пандемиядан улам кийинкиге калтырылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM