Биз менен байланышыңыз

2021-жылы мигранттардын акча которуусу 65,5 млн долларга азайган

Улуттук банктын берген маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айында мигранттар Кыргызстанга 151,5 миллион доллар которгон. Бул декабрь айына салыштырмалуу 65,5 миллион долларга аз. Анткен менен 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу көрсөткүч 3 миллион долларга өскөн. Ошол эле учурда тыштан которуунун 97%ын Орусиядагы мигранттар түзөт. Тактап айтканда, алар аталган айда 146,9 миллион доллар салышкан. 2,4 миллион доллар АКШдан которулса, 1,1 миллион доллар башка өлкөлөрдөн келген. 

Бүгүнкү күндө 866 миңден ашуун кыргызстандык 69 чет өлкөдө эмгектенет. Алардын көпчүлүгү, тактап айтканда, 737 миң 929 мигрант Орусияда иштейт. Ал эми Түркияда 28 миң 598, АКШда 20 миң Кыргызстандын жараны бар.

Сокулук районун тургуну Нимат Назировдун айтымында, эки уулу көп жылдан бери Москвада эмгектенет. Акыркы убакта балдары акчаны азыраак салып калышты. Мунун себеби учурда тун уулунун ишсиз отурганына байланыштуу. Ошол эле учурда балдарынын документ иштеринен кыйналып жүрүшкөнүн айтып, мамлекеттен жардам сурады.

«Кайсы жерде болбосун, мигрант болуп иштөө бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ар кандай көйгөйлөр болот. 2 уулум экөө тең Москвага кеткен. Иштегени менен канааттандырарлык акча жөнөтпөйт. Улуу уулум 2 айдан бери жумушсуз. Документ иштери, каттоого туруу кыйындап жатканын айтып жатышат. Үй-бүлөбүздүн киреше булагы болгондуктан, каржы жагынан кыйынчылыктар болуп жатат. Мамлекет тарабынан ушундай нерселерге көңүл буруп койсо болмок. Же элчиликтен жардам жок».

Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын башчысы, экономист Кубан Чороев чет өлкөдөн түшкөн киреше булактын азайышы пандемиянын кесепетинен болуп жатканын айтты. Ошол эле учурда буга көптөгөн мигранттын өлкөгө кайтып келиши да таасир эткенин белгиледи.

«Бул нерсеге пандемиянын кесепети тийди. Коронавирус учурунда көптөгөн ишканалар ишин токтотту. Белгилүү бир убакыттын ичинде киреше түшкөн жок. Экономикалык басаңдоо байкалды. Мигранттардын которгон акчаларынын азайышы да ушуга байланыштуу. Бир топ мигрант кайра кайтып келди. Эң негизги себеп — экономикалык солгундоо».

Ал эми саясатчы Жеңиш Молдокматов мигранттардан которулган каражат өлкөбүздүн экономикасын кармап турарын, бул үй-бүлөлүк каржыга да таасир этерин белгилейт.

«Мигранттардан келген акчанын 90%дан ашууну Орусиядан которулат. Ал жактагы мигранттарга болгон көз караш, Орусия жактан коюлган татаал системалардын орноп калышы таасир этүүдө. Албетте жеке үй-бүлөлөргө терс натыйжа берип жатат. Кыргызстандагы ар бир үчүнчү үй-бүлө мигранттардын эсебинен жашайт. Ал эми өлкөнүн ичиндеги курулуштан баштап, соодага чейин кызмат көрсөтүү мигранттардын эсебинен каржыланат». 

Мындан тышкары ал бул маселенин чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштады.

«Орусия, Казакстан, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен ортодо көптөгөн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек. Расмий түрдө келишим түзүп, мигранттардын укугун коргоо боюнча өкмөт аркылуу макулдашуулар болушу шарт. Пенсиялык фонддордун расмий которуулары жөнүндө келишим иштеши керек. Ишин кылып, акысын ала албай жүргөн көп жараныбыз бар. Миграция боюнча өзүнчө министрлик түзүлүшү керек». 

2020-жылдын аягында мамлекетке которулган акчанын көлөмү 2 миллиард 377,16 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандан башка мамлекеттерге 488,23 миллион доллар которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM