Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык суусундуктарды чектөө каралууда

Коом , Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 1054 | 0

Ушул жылдын 9-мартында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Алкоголдук, этил спиртин өндүрүүнү жана айландырууну мамлекет тарабынан жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун карады. 

АКШ, Франция, Германия жана башка бир катар мамлекеттерде алкоголдук, энергетикалык ичимдиктер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, АКШ жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө кофеин кошулган суусундуктарга тыюу салуу боюнча чаралар көрүлгөн. Орусия да ушундай изилдөөнүн натыйжасында, энергетикалык суусундуктун адамдын ден соолугуна терс таасир берери эске алынып, өлкө ичинде дүң баада сатууга тыюу салган.

Бүгүнкү күндө Орусия аталган суусундуктарды чет жакка гана экспорттойт. Мындай тыюу салууну Кыргызстанга да киргизүү каралууда. Бул боюнча Айнуру Алтыбаева баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдашкан.

Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева азыркы күндө бул суусундуктарды мектеп окуучуларынан тартып ичип жатышканына тынчсыздануусун билдирип, мунун кесепетинен балдар агрессивдүү болуп, тарбиясына да терс таасирин тийгизерин белгилейт.

«Бул мыйзам долбоорунун үстүнөн 4 жылдан бери иштеп жатабыз. Акыркы убакта соода борборлорунда, күркөлөрдө да энергетикалык суулардын түрү пайда болуп, көп санда сатылууда. Аталган суусундуктар өзү кымбат турат. 80 сомдон 150 сомго чейинки бааны түзөт. Ал эми кофеин кошулган суулар арзан баада сатылат. Ошону мектептеги балдардан тартып, студенттерге чейин ичишет. Жаштарыбыздын ден соолугуна терс таасирин тийгизгени үчүн демилге көтөрүп чыктык. Аны ичкенден кийин балада агрессия пайда болуп, мугалимдери жана досторунун ортосундагы чыр-чатакка алып келип жатат. Жаштардын келечегине кайдыгер карай албайбыз».

Ошондой эле ал өлкө өндүрүшүндөгү энергетикалык сууларды өлкө ичинде эмес, сырт жакка экспорттоо боюнча маселелер каралып жатканын айтты.

«Бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн өкмөттүн макулдугу керек. Биз өкмөттөн колдоо чечимин алдык. Биринчи окууда бул суусундуктарды иштетип чыгууну жана сатууну токтотуу жөнүндө караганбыз. Иштетилип чыгары менен сырт жакка экспорттоого болот».

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова энергетикалык суусундуктарды ичүү адамды ар  кандай коркунучтуу ооруларга дуушар кыларын айтты.

«Энергетикалык суулар жөнөкөй схема менен иштейт. Денеден көп энергияны алып, нерв системасынын түгөнүшүнө, зат алмашуунун бузулушуна алып келет. Көп ичсе, кан басымынын көтөрүлүшүнө туш кылат. Ал эми ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн кагуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн. Бир нече убакыттан кийин өнөкөт ооруга айланышы ыктымал. Дарылоо да татаал болуп калат».

Биз аталган суусундуктарга тыюу салуу же чектөөлөрдү киргизүү боюнча жарандардын оюн угуп көрдүк. Алардын айрымдары колдосо, кээ бири бул мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдирди.

«Мен алыскы жолго чыкканда ичем. Себеби бул уйкунун алдын алат. Айдоочулар уктап кеткенине байланыштуу көптөгөн жол кырсыктары болуп жатат».

«Тыюу салып койсо, жакшы болот. Себеби курамын карасак, зыян нерселер көп. Жаштар түшүнбөй ичип жатышат».

«Тыюу салганын туура деп эсептейм. Мектептердин алдында окуучулар да ичип жатканын көп көрөм. Үйүнөн тамакка деп акча алып, анын ордуна энергитикалык сууларды ичип жүрүшөт».

Өкмөт мыйзам долбоору сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен караларын маалымдады. Ал эми демилгечилер Өкмөттүн корутундусунда айтылган сунуштарга макул экендигин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM