Биз менен байланышыңыз

«Добуш сатып алуу боюнча маалыматты Чүй, Нарындын эли көбүрөөк билет»

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Мар 2021 | 744 | 0

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоого жана быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого «Жалпы иш» коомдук фонду көз карандысыз байкоо жүргүзгөн. Натыйжада, бир топ мыйзам бузуулар катталган. Бул боюнча тегерек үстөл уюштурулуп, БШК жана мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер чакырылып, фонд байкоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары менен тааныштырып, бир топ сунуштарды берген. Эми шайлоодогу негизги мыйзам бузуулар боюнча кыргызстандыктардын пикирин билүү максатында фонд телефон аркылуу бардык аймактардагы жарандардын пикирин сурап көрүштү. 

Кыргызстанда өткөн шайлоолордо негизги үч мыйзам бузуу: добуш сатып алуу, административдик ресуртарды кыянаттык менен колдонуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү катталган. Өлкөдөгү акыркы эки шайлоого кампаниясына «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо, милиция жана БШК кызматкерлерине маалымат берилген. Аталган фонддун төрайымы Аида Сүйүндүева мыйзам бузуулар туурасында элдин пикирин эске алуу маанилүү деп эсептейт. Анын айтымында, бул — өтө чоң көйгөй жана аны акырындык менен чечүү зарыл.

«Бул сурамжылоо – шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Чындыгында, добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу — эң көп кездешкен жана эң көйгөйлүү маселелер. Демек, ушул көйгөйлөрдү дагы изилдеп, чечүү керек. Бүгүнкү талкуу ушул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү жана келечекте эмне кылуу керектигин түшүнүүгө алып келет деп үмүттөнөбүз», — деди Сүйүндүева.

Шайлоолордо добуш сатып алуу боюнча эң көп маалыматты Бишкек шаарында, Чүй жана Нарын облустарынын тургундары билери аныкталды. Сурамжылоого катышкандардын 38%ы добуштарды сатып алуу боюнча угушканын, ал эми 27%ы өздөрү күбө болушканын айтып берген. Ошол эле учурда респонденттердин 69%ы «добуш сатып алуу — добуш берүү чечимине таасир этет» деп эсептешет. Ал эми 98%ы добуш сатып алууга жол берилбеши керектигин айтышкан. Буларды маалымдаган «Жалпы иш» коомдук фондунун программалык координатору Раушан Садырбаева добуш сатып алуунун себептерине да токтолуп өттү:

«Добуш сатып жаткандардын 46%ы убактылуу байыганды каалашат; 33%ы жакырчылыкта жашайт; 6%ы коркутууга же мажбурлоого туш болот. Ошондой эле добуш берүү үчүн шайлоочуларга эмне сунушталары белгилүү болду: ал — коммуналдык маселелерин чечип берүү. Буларга газ, канализация, жарыкты туташтырып берүү сыяктуу иштер кирет. Ошондой эле акча да сунушталат. Шайлоочулардын дээрлик бардыгы добушун сатканы үчүн жоопкерчиликке тартыларын билбейт. Көпчүлүк респонденттер административдик ресурстардын көйгөйүн чечүү керек деп эсептешет. Ал эми калгандары админресурстар шайлоочулардын чечимине таасир этет деген оюн билдиришти.  Респонденттердин 80%ы административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жазаланган учурлар болгонун уккан эмес». 

«Жалпы иш» коомдук фондунун шайлоо боюнча эксперти Бакытбек Самаков парламенттик шайлоого салыштырмалуу президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар кыйла азыраак болгонун айтты. Анын баамында, элдин ой жүгүртүүсү өзгөрүлүп баратат. Өлкөнүн, жарандардын келечегин ойлогон, патриоттук сезимдер менен жүргөн кыргызстандыктар көбөйүүдө. Ошол эле учурда кийинки шайлоолордо добуш сатуу сыяктуу терс адаттардан арыларынан үмүт кыларын жашырбайт.

«Мен ойлойм, келечекте ушул жаман адаттан арылабыз. Мындан сырткары бул жерде эки тараптан аракет кылуу керек. Биринчиден, мамлекет, укук коргоо органдары чара көрүп, сөзсүз түрдө реакция кылуусу зарыл. Экинчиден, шайлоого катышкан талапкерлер же саясий партиялар да аракеттерди жасашы керек», — деди Самаков.

Белгилей кетсек, буга чейин фонд «Шайлоого ишеним индекси» аттуу сурамжылоо өткөргөн. Ага өлкө боюнча 18 жаштан жогорку, шаарларда жана айыл жеринде жашаган жарандар катышкан. Жалпысынан 1200 респондент аймактык, жаш курактык жана гендердик жактан бөлүштүрүлгөн. Натыйжада, жалпысынан сурамжылоого катышкан респонденттер шайлоо тутумунун процесстерине ишенишерин айтышкан. Бирок критерийлердин бири да эң жогорку ишеним индексине жеткен эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM