Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бахрейнде үч кыргызстандык мушкер беттешет

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2021 | 757 | 0

Бүгүн 11-мартта кыргызстандык үч мушкер «Brave CF-47» уюмунун турниринде мелдеш өткөрөт.

Кеченин негизги беттешинде мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу ММА тармагындагы эң абройлуу UFC уюмунун мурдагы мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет. Бул беттеш жеңил салмак категориясындагы чемпиондук титул үчүн болот.

Абдисалам уулу 16-январда тажикстандык Жахонгир Саиджамоловду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Аталган турнирде дагы эки кыргызстандык мушкер дебюттук беттештери үчүн күч сынашат. Немат Абдрашитов орусиялык Анзор Абдулхожаев менен кармашса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен таймашат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM